Байден Борбордук Азиада будуң-чаң чыгарабы?

0

«Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» сыяктуу террордук топтор Джо Байдендин ант берүү аземинен кийин Жакынкы Чыгышта гана эмес дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын чалгындоо штабынын мурдагы башчысы Исмаил Хаккы Пекин билдирди.

Исмаил Хаккы Пекиндин ою боюнча, Дональд Трамп менен Джо Байдендин ортосундагы айырма, Трамп өз алдынча жана ачык иштечү. Ал эми Байден ошол эле саясатты Батыштын империалисттик жүзүн көрсөтпөстөн аткарат.

«Бул ишти аткарууда ага НАТО жана ЦРУ жардам берет. Өз учурунда алар сөзсүз түрдө террордук уюмдарды колдонууга барат», – дейт эксперт.

«АКШнын негизги максаты – Орусия, Кытай, Иран жана Түндүк Кореяны обочолонтуу. Дал ошол үчүн Түркиянын Кытай, Орусия жана Иран менен болгон кызматташтыгына тоскоолдук кылууда. Менин оюмча Байден Обаманын саясатын улантат. Ал колдоно турган 3 каражат бар. Биринчиси – жумшак күчтөр, экинчиси – дипломатия, үчүнчүсү – жашыруун чалгындоо иштерин жүргүзүү. Алар бул ишти региондордогу террордук уюмдарды Орусияга же Кытайга каршы колдонуу менен жүргүзүшү мүмкүн», — дейт Пекин.

Исмаил Хаккы Пекин АКШдагы шайлоо күнү Чыгыш Түркистан ислам кыймылын террордук уюмдар тизмесинен чыгарылгандыгына көңүл бурду.

Исмаил Хаккы Пекиндин ою боюнча, Кыргызстандагы окуялардан кийин башаламандык Тажикстанга, Туркменстанга жана Казакстанга да чачырашы мүмкүн. Жакынкы аралыкта Кавказдагы Карабах чырынын алкагында жаңы толкундоолор жана Армения менен Түркиянын мамилелеринин курчушуна алып келүүсү мүмкүн дейт мурдагы чалгынчы.

«Алар (АКШ) Орусия менен Украинанын ортосундагы чырды кайрадан күчөтүшү толук ыктымал. Бул багытта оппозиция менен Украинадагы русофобиялык топтор Байденден жакшы колдоо алаары бышык. Бизди (түрктөрдү) да бул оюнга тартуусу мүмкүн. Бул маселеде мамлекет башчылар Крым маселесинде туура позицияны тандашы керек, болбосо бүтундөй аймак башаламан окуяга кириптер болот» – дейт маек куруучу.

Исмаил Хаккы Пекиндин ою боюнча пландалган иштер 20-январдан кийин, Байден толук кандуу Ак үйдүн ээси болгондон кийин тездик менен ишке ашырылат.

Эске салсак, Джозеф Байдендин АКШнын президенттигине ант берүу аземи 20-январда саат 12:00дө өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз