Четверг, 9 мая

Бишкектеги маршруттун айрым айдоочулары иш ташташты

0

Бүгүн, 18-январда Бишкектеги маршруттун айрым айдоочулары иш ташташты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр унаалардын саны бир аз азайгандыгын белгилешет.

Айдоочулар иш таштоо жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен байланыштуу экендигин билдиришти.

Ошол эле учурда шаардык коомдук транспорттор, тактап айтканда, троллейбустар жана автобустар кадимки тартипте иштеп жатышат.

Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн иш таштоо болбой тургандыгын билдирди.

«Эртең менен саат 7:30да кичи автобустардын 45 пайызы каттамга чыккан. Бүгүн баары каттамга чыгат», – деп билдиришти башкармалыктан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз