Пятница, 17 мая

Орусияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталды

0

Орусияда бүгүн коронавируска каршы массалык эмдөө башталды. Жарандарды эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Буга чейин өлкө президенти Владимир Путин министрлер менен болгон жыйында Орусиянын бүтүндөй калкын массалык эмдөөдөн өтүүсү керектигин айткан болчу.

Вице-премьер Татьяна Голикованын 15-январдагы эпидемиологдор менен болгон сүйлөшүүсүндө дүйшөмбүдөн, 2021-жылдын 18-январынан тартып өлкөдө массалык эмдөө боюнча кампания башталаарын тастыктаган эле. Мындан сырткары, вице-премьер өлкөдө расмий түрдө 2  «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона» вакцинасынын катталганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз