Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жарманке 2021-жылдын 23-январында шаардагы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Жарманке саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:
• Эт азыктары – 390 сом;
• Жумуртка – 88-92 сом;
• Үй тооктору – 180-200 сом;
• Каймак – 220 сом;
• Быштак – 180 сом;
• Колдун айраны – 40 сом;
• Өсүмдүк майы – 112-120 сом;
• Картошка – 22-25 сом;
• Пияз – 15 сом;
• Сабиз – 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.