Воскресенье, 19 мая

Министр: Кыргызстанга учурда эч кандай вакцина алып келине элек

0

Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.

«Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Сактай турган атайын муздаткычтардын баасы 4 миң доллар болуп чыкты. Азыр бул маселе менен Финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок», — деди Бейшеналиев.

Мындан сырткары министр Орусиядан вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын, ошондой эле Кыргызстанга учурда эч кандай вакцина алып келине элек экендигин белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз