Воскресенье, 5 мая

Түркияга учуучу авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү

0

«Манас» эл аралык аэропорту Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча 2021-жылдын 20-январынан баштап авиакаттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учууларды Turkish Airline авиакомпаниясы ишке ашырат. Буга чейин аталган авиакомпания ушул каттамда жумасына 5 жолу каттамдарды жүргүзүп келген. Эртеңден баштап жумасына 7 жолуга чейин каттамдардын саны жогорулатуу каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз