Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус илдети 162 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 46 адамдан, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 24, Талас облусунда – 1, Жалал — Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 124 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 392 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 726 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 10 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 3 учур катталды. Үй карантининен 1, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 66 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 373 киши айыгып чыкса, 1 миң 392 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз