Бишкекте бүгүн маршруттук таксилер жумушка чыгышты

0

Бишкекте бүгүн эртең менен маршруттук таксилер штаттык режимде ишке чыгышты. Бул тууралуу мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын жаңы жетекчиси Таалай Акматбаев билдирди.

Анын айтымында, бул башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жасалган мониторинг учурунда алынган алдын ала маалымат.

«Саат 7:00дө 900 маршрутка ишке чыкканы белгилүү болду. Транспорттун тартыштыгы байкалбайт. Жүргүнчүлөр арасында дагы ажиотаж жок. Бүгүн күн бою мониторинг кылып турабыз», — деди Акматбаев.

Эске салсак, 18-январда айрым маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго жогорулатууну талап кылып жумушка чыкпай коюшкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз