Суббота, 18 мая

Мадриддин борборунда жарылуу болду

0

Кечээ, 20-январда Испаниянын борбору Мадрид шаарынын борборундагы имаратта катуу жарылуу болду.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө  Мадриддин борборундагы Пуерто де Толедо аймагында бир имаратта жарылуу болду. 2 кишинин каза болгондугу билдирилген окуяда көргөн күбөлөр көп сандаган жаралуунун бар экендигин айтышты.

Жарылуу болгон имараттын алдында жолго токтотулган унаалардын чоң бөлүгү зыянга учурап, жарандык коргоо, өрт өчүргүч жана саламаттык сактоо топторунун аймакты коопсуздук коридоруна алгандыгы билдирилди.

Имараттын жанында бир картаңдар үйүнүн, мектептин жана чиркөөнүн бар экендиги белгиленди. Жергиликтүү басма сөз маалыматтарында жарылуунун себеби газдын чыгышы менен болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз