Воскресенье, 19 мая

БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп жарыялады

0

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Боршайком мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 % (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз