Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
“Садыр Жапаров өкмөт башчылыктан кетүү чечимин кечээ кабыл алды. Мындан улам өкмөт толугу менен отставкага кетти. Анткен менен министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин алар өз милдеттерин аткарууну уланта беришет”, — деп айтылат билдирүүдө.