Пятница, 17 мая

Орусия Кыргызстанга 500 миң вакцина акысыз берет

0

Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынан 500 миң дозаны бекер берип жатканын айтты. Министр Кыргызстан Орусиянын бул вакцинасына алдын ала буйрутма бергенин билдирди.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева элди COVID-19га каршы эмдөөгө каражат бар экенин белгиледи. «Вакцинация — улуттук коопсуздуктун маселесине кирет. Акча болот. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны тандоо боюнча иш жүрүгүзүп жатат. Орусиянын вакцинасын Новосибирскиден ташып келүү маселеси чечилип жатат”, -деп баса белгиледи ал.

Өз сөзундө вице-премьер элди эмдөө үчүн жеке менчик медициналык борборлор да кызматка тартылаарын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз