Бүгүн өлкөдө коронавирус илдети 71 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 33, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 27, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 971 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 98 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 80 025ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 40, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 24, Ош облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 14, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1401ге жетти.