Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт.
Шаардык мэрия билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат.
Кечээ, 24-январда Бишкектеги эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес.
Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү.
Кыргызстандагы жана Бишкектеги мектептер былтыр марттан тартып онлайн режимге өткөн. Башкалаада быйыл январда мектептердин көбү кайра кадимки тартипте иштей баштаган.