Пятница, 10 мая

ИКУ өлкөлөрү Стамбулда Жаңы Зеландиядагы терракты талкуулашат

0

22-мартта Түркиянын мегаполисинде Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кеңейтилген жыйыны өтөт.
Ислам Кызматташтыгы Уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Стамбулга 15-мартта болгон теракттан 50 мусулмандын өмүрүн алган Жаңы Зеландиядагы кандуу окуяны талкуулоо үчүн чогулушат.
ИКУнун Аткаруу комитетинин Жаңы Зеландиядагы мечитке жасалган чабуул боюнча кеңейтилген жыйыны 22-мартка белгиленди.
Анкарадагы дипломатиялык булактар Жаңы Зеландиядагы террочулуктан кийин Түркия ИКУнун учурдагы төрагасы катары уюмдун баардык мүчө-өлкөлөрүнүн катышуусунда Аткаруу комитетинин кеңейтилген жыйынын өткөрүүнү чечкендигин билдиришти.
Азыркы учурга чейин министрлер деңгээлинде бул жыйынга катыша тургандыктарын ИКУнун 20 өлкөсү тастыктады.
Иран, Ливия, Индонезия, Пакистан, Афганистан, Судан, Катар, Ливия жана Сомали ТИМ жетекчилеринин деңгээлинде катышат, башка бир катар өлкөлөр ведомство башчылары, атайын өкүлдөр жана элчилердин деңгээлинде катышмакчы.
Жыйынга президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу пландаштырылууда.
ИКУнун Аткаруу комитетинин жыйынына ошондой эле Жаңы Зеландиянын өкүлдөрү да чакырылган.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жана Түркиянын ТИМнин башчысы Мевлүт Чавушоглу мындай сунушту Жаңы Зеландияга жасаган визити учурунда айтышкан.
Жаңы Зеландиянын вице-премьери жана ТИМ жетекчиси Уинстон Петерс менен өлкөнүн этникалык жамааттар иши боюнча министри Женни Салеса ИКУнун жыйынына катышууга макулдук беришкен.
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында 15-мартта 10 минуталык кыска аралыкта Нур жана Линвуд деген эки мечитке куралдуу кол салуу болгон.
Натыйжада 50 адам каза болуп, дагы 50дөн аз эмес адам жаракат алышкан. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн бул чабуулду террорчулук деп атаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз