Суббота, 27 апреля

Назарбаев Президенттиктен кеткенден кийин кандай өзгөрүүлөр болду?

0

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени бир эле казакстандыктарды шок кылбастан, бүтүндөй дүйнө жүзүн таң калтырды.
Анткени коомчулук Назарбаевди 30 жылдан бери бийликте келатканын сындап да, колдоп да келатышкан. Бирок ал кызматтан кеткени менен өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматында калды. Шайлоого чейин президенттик милдетти парламент сенатынын спикери Касым-Жомарт Токаев аткара турган болуп, 20-мартта президенттик кызматтын убактылуу креслосуна отуруп жатып парламентте ант берди. Анткен менен Казахстандын бош калган парламентинин төрагалык кызматына Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева шайланды. Сенаторлор жашыруун добуш берүүдө, анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Ошентип коңшу Казакстанда саясий өзгөрүү чукул болуп кетти.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын экинчи Президенти
Парламенттин мурдагы төрагасы Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу болуп расмий киришти. Бул мыйзам чегинде болгону кабарланды. Анткени Президент ыйгарым укуктарын токтоткондо, анын милдеттери парламент төрагасына жүктөлөт.
Казакстандын Президенти болууга ант берген Токаевди чет мамлекеттердин президенттери куттуктап жатышат. Анын катарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков да бар.
“Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, — деп айтылат Жээнбековдун куттуктоосунда.
Кызы парламентинин төрайымы болду
Парламенттин бош калган төрагалык кызматына Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева шайланды. Сенаторлор жашыруун добуш берүүдө, анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Бул тууралуу маалыматты казакстандык tengrinews.kz сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Президенттик кызматка бүгүн, 20-мартта киришкен Касым-Жомарт Toкaевдин сунушунан кийин болду. Назарбаева шайлангандан кийин депутаттарга ыраазычылыгын айтты.
“Мен, сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Өзгөчө, биздин өлкө тарыхынын оор учурунда, өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда парламенттин ролун абдан жакшы билем”-деди Д. Назарбаева.
Белгилей кетсек, Дарига Назарбаева Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы. Ал Казакстан парламентинин 7-чакырылышында депутат болуп шайланган.
Нурсултан шаары
Казакстандын борбору Астана эми тунгуч президенттин атынан Нурсултан шаары деп аталат. Бул сунуш эмес. Тиешелүү чечим кабыл алынганын “Нур Отан” партиясынын төрага орун басары Маулен Ашимбаев билдиргенин “Калыс Медиа” сайты жазып чыкты.
Ал мындай өзгөрүү менен астаналыктарды куттуктап өттү.
“Бул туура жана таразаланган чечим. Астанага канча күч, канча аракет жумшалды. Астана азыр Евразиядагы өнүккөн шаар, эл аралык деңгээлдеги борбор”,-деди Ашимбаев.
Назарбаевдин ордуна президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуштаган.
Казакстанда негизги көчөлөргө да тунгуч президенттин ысымы берилери айтылууда.
Президенттин кетиши менен Казакстанда долларга болгон суроо-талап күчөдү
Нурсултан Назарбаев Президенттик кызматтан кетээрин жарыялагандан кийин, Казакстанда долларга болгон суроо-талап күчөгөн. Бул тууралуу «Коммерсанть» порталы жазып чыкты.
Басылманын маалыматында, акча алмаштыруучу жайларда америка долларынын курсу жогорулаган, айрымдар валютанын жоктугуна байланыштуу сатууну токтоткон. Валюта курсу 378ден, 387 тенгеге чейин өскөн.
Буга байланыштуу Казакстандын Улуттук банкынын кызматкери Александр Терентьев өзүнүн Facebookтагы баракчасына теңгенин курсу туруктуу экенин жарыялады.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген. Бирок, ал өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматында калды.
Белгилей кетсек, ал 1990-жылдан тартып өлкөнү башкарып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз