Пятница, 18 октября

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды

0

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. «Ата Мекен» фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев 77 депутаттын колдоосуна татып, вице-спикер болуп шайланды. Ал эми атаандашы Исмаилов 38 эл өкүлүнүн добушун алды.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз