Пятница, 17 мая

Инаугурацияга бир топ чектөөлөр киргизилди

0

Кыргызстандын президенттик кызматына шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашуун конок чакырылды. Алардын арасында катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери бар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, меймандар коронавирус инфекциясына ПЦР анализдерин тапшырышты.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттарына инаугурацияга жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында кулактандыруу жасады.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн баарын чогуу автобустар менен алып барып, алып келет.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 27-январда, Улуттук филармонияда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз