Кыргызстанда суткада коронавирус 128 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 48 адамдан, Чүй облусунда – 60, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал — Абад облусунда – 5 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Коронавирустан жалпы 1 миң 408 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 618 бейтап, амбулатордук түрдө 863 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Үй карантининен 2, стационардан бир медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 170 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 83 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 303 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 481 киши айыгып чыкса, 1 миң 408 адам каза болду.