Пятница, 17 мая

Кыргызстандын президенттигине шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы

0

Кыргызстандын президенттик кызматына шайланган Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда ант берип, кызматына расмий түрдө киришет.

 Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Инаугурацияны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар саат 10.45те түз алып көрсөтө баштайт.

Борбордук Ала-Тоо аянтында да иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз