Четверг, 2 мая

Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Зилалиевдин иши боюнча түшүндүрмө берди

0

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдеттүү эмес деп эсептейт. Бул тууралуу адвокат Жыргалбек Бабаев маалымат берди.

Анын айтымында: “Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты. Зилалиев сейфтик кутуча ачып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен”.

Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда алты жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон. Президенттике чейин, 2016-жылдын 13-апрелинен бери премьер-министр болуп иштеген. Зилалиев ошол учурда вице-премьер болчу.

Эскерте кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотуна күбө катары чакырылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз