Пятница, 17 мая

Садыр Жапаров тез арада ишке ашыруучу милдеттерин билдирди

0

 Кыргызстандын 6-президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө кызматына киришти.

Кыргыз Туусун колго алган Жапаров конституцияга оң колун коюп ант берди.

Мамлекеттик гимнден кийин сүйлөгөн сөзүндө Жапаров:«Мен өзгөчө эки миң жылдан ашуун тарыхы бар элимдин алдында зор жоопкерчиликти сезем. Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин. Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын»,- деди.

Жапаров, Түркия менен кызматташтыкты бекемдөөнү, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык жана маданий байланыштарды арттырууну каалаганын билдирди.

Көп кырдуу тышкы саясатты жүргүзүүнү туура көрөрүн баса белгилеген Жапаров, Борбор Азия өлкөлөрүнөн баштап Кытай, Америка Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрү менен кызматташууга аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз