Среда, 24 апреля

Мэрия: Мектептердеги айрым класстар аралыктан окууну улантышат

0

Бишкек мэриясы азырынча борбор калаадагы мектептердеги айрым класстар менен бала бакчаларды кадимки режимдеги иш тартибине кайтарбай туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жетектеген Эпидемияга жана эпизоотикага каршы шаардык комиссия эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзгөндөн кийин кабыл алынды. Чечимге ылайык, 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана мектептерге барып билим алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия бала бакчалардын ишин 20-январдан, мектептердеги бардык класстардын окуусун 1-февралдан тартып кадимки режимге өткөрүү планын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз