Понедельник, 6 мая

Көпчүлүк коалиция өкмөт башчы кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду

0

Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду.

Парламентарийлер ага өкмөттүн курамы, андан сырткары социалдык жана экономикалык жааттагы бир топ суроолорду узатты.

Жыйынтыгында ЖКнын депутаттары Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоду.

Анын талапкерлигин «Республика – Ата-Журт» фракциясы сунуштаган.

Коалиция эми Мариповдун талапкерлигин тиешелүү комитеттин кароосуна алып чыгат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз