Вторник, 14 мая

Түркиянын «Маариф» фонду Бишкекте мектеп ачат

0

Түркиянын «Маариф» фонду Кыргызстандагы биринчи мектебин Бишкек шаарында ачат. Бул тууралуу 29-январда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбор Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгон.

Хүснү Биржан мектепте окуучуларга жана мугалимдерге бардык шарттар түзүлөрүн айтып, кыргыз-түрк макулдашуусуна ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгүн Кыргызстандын жарандары түзөрүн билдирди.

Буга чейин 2020-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» фонду Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз