Пятница, 17 мая

Мьянмада аскерлер төңкөрүш жасады

0

Мьянма армиясы бийликти басып алганын жана өлкөнү 1 жыл башкарарын жарыялады.

Армия президент Вин Минт менен Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри Аун Сан Су Чийди кармады.

Мьянма армиясынын маалымат каражаттары жасаган билдирүүдө, эртең менен болгон кармоолордон кийин төңкөрүш жөнүндөгү айтымдар тастыкталганы, эми өлкөнүн башкаруусу башкы штабдын төрагасы Мин Аунг Хлаиндин колунда экендиги жарыяланды.

Төңкөрүштөн кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын түшүндүргөн армия, Мьянма бир жыл бою аскердик башкаруу менен башкарыларын билдирди.

Эскерте кетсек, Мьянмада аскерий өкүлдөр, бийликтеги Су Чийдин партиясынын жеңиши менен жыйынтыкталган шайлоого бурмалоолор аралашканын айтып чыгышкан.

Мьянмада бийликтеги Улуттук демократиялык биримдик (NLD) партиясынын өкүлү Мио Нюнт, президент Вин Минт, Су Чий жана башка партиянын лидерлери таң эрте аскердик рейддин натыйжасында кармалганын жарыялады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз