Пятница, 17 мая

Комитет Улукбек Мариповдун талапкерлигин жана жаңы өкмөттүн курамын бир добуштан жактырды

0

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды.

Маселени комитет мүчөлөрү бүгүн, 2-февралда үч сааттан ашык талкуулады. Премьерликке талапкер өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Баяндама жасаган учурда ал эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

Марипов сунуш кылган өкмөттүн курамы 22ден 16га кыскарат. Алардын сегизи жаңы сунушталууда, калганы өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер түзөт.

Анын талапкерлиги жана ал сунуш кылган өкмөттүн курамы 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз