Пятница, 3 мая

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков умрага кетти

0

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Меккеге кичи ажылыкка-Умрага кетти.

Жээнбеков жубайы менен Бишкектен Түркиянын Стамбул шаарына учту, андан ары ал Сауд Арабиясынын Жидда шаарына барат.

Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалып келе жатканы, пандемияга байланыштуу зыяратчыларга чектөө коюлуп келгени айтылды. Жээнбековдун умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келери кабарланууда.

Кичи ажылык зыяраты 10 күндөн ашуун уланып, андан соң С.Жээнбеков Бишкекке кайтып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз