Воскресенье, 19 мая

Түрк мамлекеттери Ноорузду майрамдашууда

0

Бул майрам ынтымактын баалуулугун арттырып, биримдикти бекемдөөгө жол ачат.
Нооруз — Жер жүзүндөгү эң байыркы майрамдардын бири. Ал миң жылдан бери жаз майрамы катары белгиленүүдө.
Бул майрам ошондой эле түрк элдеринде бир гана күн менен түндүн теңелүүсү катары эмес, табияттын да жаңылануусу катары кеңири белгиленет. Нооруз молчулуктун, достуктун жана сүйүүнүн символу, жаңы жашоонун жарчысы болуп саналат.
Бул күнү адамдар жасанып кийинишип, тууган-уругу менен кошуналарына конокко барышып, ак тилектер айтылат.
Бул майрам муундар ортосундагы жана үй-бүлөдөгү тынчтыктын баалуулугун арттырып, биримдикти бекемдейт, ошондой эле урушкандар жарашып, достошот, бул элдер менен ар кандай коомдордун ортосундагы маданиятты калыптандырып, достукту бекемдейт.
Көп өлкөлөрдө Нооруз мамлекеттик жана жалпы элдик майрам болуп саналат.
2010-жылы 23-февралда Азербайжан, Албания, Афганистан, мурдагы югославиялык Македония Республикасы, Индия, Иран (Ислам Республикасы), Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Түркиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү катары тааныган.
Нооруз 2009-жылы көп элдердин маданий салты катары адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы, жаздын алгачкы күнү жана табияттын жаңыланышы катары Репрезентативдүү тизмеге кабыл алынган.
Азербайжанда Нооруздун символу – үрөн
Азербайжандын жашоочулары үчүн Нооруздун негизги символдорунун бири жана столду жасалгалоо – бул үрөн (өнүп келаткан буудай).
Үрөн жаздын келгендигин, жашоо жана байлыктын, ден соолук жана бейпилдиктин символу катары эсептелет.
Үрөн адатта 20-21-мартта белгилене турган Ноорузга чейин бир нече жума мурда өндүрүп башташат.
Буудай марлиге салынып, 2-3 күн сууга чылап коюлат. Бул процесс бүткөн соң буудай подноско же башка идишке салынып, бир нече күн суу куюлат.
Үрөн майрамдык столдун ортосуна коюлуп, кызыл лента менен чети оролот. Бул башка таттуулар сыяктуу эле столдогу негизги жана сөзсүз жасала турган жөрөлгө.
Майрам бүткөн соң үрөн ыргытылбайт жана ал буудайдан таттуулар жасалат.
Азербайжанда Нооруз майрамында ошондой эле от жагылып, анын үстүнөн секирүү, сөйкө менен төлгө ачуу, тооктун жумурткасын боёо жана короздордун урушун уюштурган салттар бар.
Казакстандагы Нооруз: жаздын жана молчулуктун майрамы
Нооруз – жаздын келишинен кабар берген түрк дүйнөсүндөгү элдердин негизги майрамдарынын бири.
Бул майрамды Казакстандын жашоочулары да кылымдардан бери белгилеп келишүүдө.
Майрамга карата казакстандыктар майрамдык даамдарды жасашып, улуттук кийимдерди кийишет жана дарак отургузушат.
2009-жылы Нооруз майрамы ЮНЕСКОдо адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары катталган, ал эми 2010-жылы “Эл аралык Нооруз” майрамы катары жарыяланган.
Нооруз узак убакытка созулган кыштан кийин табияттын жаңыруусунун символу катары Казакстанда 21-23-март күндөрү белгиленет.
Өлкө боюнча ар кандай спорттук жана маданий иш чаралар өткөрүлөт.
Казакстандын Улуттук музейине караштуу Илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, тарыхчы Акан Онгарулы “Анадолу” агенттигине Нооруздун тарыхы байыркы доорлорго барып такаларын жана ал коло доорго таандык экендигин айтып берди.
Анын айтуусунда, бул майрам табияттын жаңылануусун жана жаңы күн келгендигин символдоштуруп турат.
“Казакстандыктар кылымдардан бери Ноорузду майрамдап келишкен, бирок 1920-жылдары бул майрамды саясый жагдайлардан улам белгилей албай калышкан. Майрамды Казакстанда кайрадан 1980-жылдары белгилей башташты. Айрыкча Нооруздун өзгөчө мааниси Эгемендүүлүк алгандан кийин арта баштады”,- деди Онгарулы.
Анын айтуусунда, Нооруз Казакстанда расмий түрдө үч күн майрамдалат, анткен менен майрамдык иш чаралар жума боюу улантылат. “Нооруз – каада-салттарды кайрадан жандандыру, улуттук ашкананы эске салуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Узакка созулган кыштан кийин Нооруз күндөрү адамдар столдорду жасалгалап, туугандарыныкына конокко барышат, табияттын жаңылануусуна кубанышат”,- деди Онгарулы.
Сүмөлөк – Өзбекстандын жашоочуларынын биримдигинин символу
Өзбек эли жаз майрамы – Ноорузду түрк дүйнөсүнүн эң башкы майрамдарынын бири катары белгилейт.
Баардык столдордун башкы жасалгасы сүмөлөк – биримдик жана ынтымактын символу катары саналган таттуу болуп саналат.
Сүмөлөк шириндик кошулбастан даярдалат.
Жаздын келиши менен Өзбекстандын баардык шаарларында жана айылдарында үй-бүлөлөр сүмөлөк даярдашып, аны туугандары менен кошуналарына таратышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз