Пятница, 10 мая

“Босниялык эт туурагыч” өмүр боюу эркинен ажыратылды

0

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Караджичтин аппеляциялык арызы боюнча өкүм чыкты.
Кылмыш трибуналдары үчүн эл аралык жогорку механизм босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Караджичтин аппеляциялык арызын карап чыгып, ал 1995-жылы июлда Сребреницеде шаар сербдер тарабынан басып алынгандан кийин кылмыш жасалгандыгы тууралуу маалымат берилген деген тыянакка келди.
“Босниялык эт туурагыч” деген атка конгон Радован Караджич өмүр боюу эркинен ажыратылган.
Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал 2016-жылы босниялык сербдердин экс-лидерин 40 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Караджич айып коюлган 11 пункттун 10у боюнча күнөөлүү деп табылган, анын ичинде 1992-1995-жылдары Босния жана Герцеговинанын аймагында адамзатка каршы кылмыштары жана башка аскердик кылмыштар үчүн айыптуу деп табылган.
Ошол эле жылдын июлунда Караджич соттун чечимине аппеляциялык арыз берип, соттордун өкүмүн “адилетсиз” жана жаңылышкан” деп атаган. Ал өзүн актоону же ишти кайра кароону талап кылган.
Айыптоочу тарап да эл аралык трибуналдын чечимине нааразычылыгын билдирип, “тыянак менен жарым-жартылай гана канааттангандыгын” жана Караджичтин өмүр боюу эркинен ажыратылышын күтөрүн билдирген.
Босния жана Герцеговинадагы чыр бүткөн соң Караджич бир нече жыл Драган Дабич деген ат менен жашырынып жүрүп, 2008-жылы 21-июлда сербиялык атайын кызматтардын операциясынын натыйжасында кармалган.
Караджичтин иши Босниялык сербдердин эл аралык трибуналы тарабынан жети жыл каралып, өкүм 2016-жылы 24-мартта чыккан.
Соттор Караджичти айыптоонун болгону биринчи пункту – Босния жана Герцеговинанын жети муниципалитеттериндеги: Братунац, Приедор, Власеница, Зворник, Сански-Мост, Фоча, Ключтөгү геноцид боюнча гана актаган. Анын себеби катары далилдин жетишсиздиги аталган.
Ошол эле учурда Караджичти 1995-жылдагы Сребреницадагы геноцид боюнча күнөөлүү деп табышкан. Соттун чечими боюнча, Сребреницадагы геноцид Караджич жана босниялык сербдердин аскер күчтөрүнүн экс-командири Ратко Младичтин Босния жана Герцеговинаны босниялыктардан тазалоо боюнча биргелешкен планынын бир бөлүгү болгон.
Соттор Караджичти 1992-1995-жылдары Сараевону курчоого алууда тынч элди артиллериялык аткылоодо жана 1995-жылы БУУнун байкоочуларын туткунга алууда айыптуу деп табышкан.
2017-жылы декабрда мурдагы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш трибуналы жабылгандан кийин анын функциясы Кылмыш трибуналдары боюнча эл аралык жогорку механизмге өткөрүлүп берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз