Понедельник, 13 мая

Мектепке электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат

0

Бишкектин мектептерине электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Баланы 2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүүгө онлайн-арызды калтыруу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек.

Каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси — жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана көчүрмө);
  • ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
  • ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен маалымдама.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз