Пятница, 17 мая

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында өкмөттүн курамы, программасы каралат

0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер, жаңы өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы каралат.

Белгилей кетсек, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. 2-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети да Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жактырды.

Премьер-министрликке талапкер эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда иш алып барууга даяр экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз