Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Мариповдун талапкерлигин премьер-министрдин ордуна караштырууда.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев 5 миң 600 сомго бир ай жашаса болобу деген суроо узатты.
Марипов бир аз кыйын болгону менен, бул суммадагы каражатка жашоого болоорун айтты.
«Сиздин сурооңузду түшүнүп жатам. Сиз керектөө куржуну жана жашоо наркы жөнүндө айтып жатасыз», — деди талапкер.
Эл өкүлү эмне үчүн өкмөттүн токтомунда мынча аз сумма белгиленген деп кайра сурады.
Улукбек Марипов, «бул үмүтсүздүк, маселени карайбыз», деп жооп берди.