Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 70 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 70 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, Бишкекте коронавирус – 22 адамдан, Ошто – 1, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда — 4, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда — 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 102 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте үч адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 527 бейтап, амбулатордук түрдө 617 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 2 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 180 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 97 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп кошумчалады Айнура Акматова.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 832 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 334 киши айыгып чыкса, 1 миң 418 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз