Суббота, 18 мая

Германияда мечитке кол салуу болду

0

Германиянын Дрезден шаарындагы мечиттин дубалына жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын тарапкерлери тарабынан ураандар жазылды.

Дин иштеринин Түрк-Ислам Бирлигине (DITIB) караштуу «Фатих» мечитине түнкүсүн белгисиз бирөө же адамдар тарабынан жасалган сырдуу кол салууну таңкы намазга барган жамаат байкады.

Алгач мечиттин жетекчилигине маалымат берилип, андан кийин окуя боюнча милицияга кабар берилген.

Хухндорфер көчөсүндөгү жана бир эле учурда 300 адам намаз окуй турган мечитти караган полиция, протокол алуу менен тергөө иштерин баштады.

Ушул эле мечитке 2016-жылы бомба менен кол салуу болуп, кол салган деп табылган Нино К. 9 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Өткөн жылы уюштурулган кол салууда мечиттин терезелери талкаланып, мечитке материалдык чыгым келтирилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз