1990-жылы “Кыргызстан демократиялык кыймылын” түптөгөн активисттердин бирөө болгон Топчубек Тургуналиев 30 жылдын ичинде Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар коомго толук сиңбегенин айтты.
«Токсонунчу жылдардын башында биз кыялданган эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамы даярдалып жатканда ой-пикирлерибизди жазганбыз. Отуз жыл аралыгында Кыргызстан чыныгы демократиялык мамлекетке айлана алган жок».
Тургуналиевдин ою боюнча, сөз эркиндиги жана көп партиялуулук жаатында кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу өзгөчөлүк болгонуна карабай, Кыргызстанда толук демократия орнобой келатат.
«Чыныгы демократиялык мамлекетте адамзаттык да, улуттук да баалуулуктар сыйланышы керек эле. Андай болбой жатат. Чыныгы демократиялык мамлекетке айланыш үчүн эки негизги шарт керек. Биринчиси — бүтүндөй калайык калкка демократиялык аң-сезим керек. Биздин коомдо ал толук калыптана элек. Экинчиси — бийлик башындагылар демократияны түшүнүшү абзел. Тилекке каршы, андай түшүнүк жок».