Марипов Өзбекстандын премьер-министри менен жолукту

0

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына барды. Марипов жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

«Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Улукбек Марипов.

Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз