Пятница, 17 мая

Улукбек Кочокоров: Премьер-министр кечирим сурасын

0

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Кочкоровдун кайрылуусунда, Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына келчү каналдын башаты (Головной) боюнча Улукбек Мариповдун сөзү коомчулукту, өзгөчө Баткен элин дүрбөлөңгө салганы айтылат. Өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Головной боюнча билдирүүсү жергиликтүү элди канааттандырбаганы, эл арасында “Губернатор билбей калышы да мүмкүн, маселени Өкмөт өзү эле чечип койгондур” деген күмөн бар экени баса белгиленет.

Андан ары Кочкоров мындай дейт:

“Эгерде чын эле суунун башаты кошуналарга өтүп кеткендигин тастыктаган кандайдыр бир документтер бар болсо анда, буга жол берген тиешелүү жетекчилерди тез арада жоопкерчиликке тартыш керек жана башатты кайра кайтарып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жасаш керек.

Эгерде айтылган сөз негизсиз, калп болсо анда, кошуна элдердин «чырагына май тамызган» сөзүңүз үчүн токтоосуз элге чыгып, кечирим сурашыңыз абзел”.

Кайрылуунун аягында Улукбек Кочкоров, “Жаңы доор” саясий партиясынын атынан кайрылып жатканын маалымдайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз