Орусиялык «Спутник V» вакцинасынын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган кошулмалар жок. Бул тууралуу Орусиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдирди деп жазат жергиликтүү орус басылмасы РИА Новости.
Муфтий мындай бүтүмгө вакцинаны иштеп чыккандардын берген маалыматынын негизинде келген.
Буга чейин мусулмандарды вакцинанын компоненттери адал же адал эместиги кыжаалат кылып жаткан эле. Айрыкча дин адамдарын препаратты даярдоо учурунда чочконун желатини колдонулган-колдонулбаганы ойлондурган.
«Вакцинаны жасагандардан жооп келди. Препаратта чочконун желатини же кандайдыр бир адамга тийиштүү компоненттер (клеткалык линиялар) жок. Исламдын көз карашы менен алып караганда курамында тыюу салынган эч нерсе жок», — деди Аляутдинов.
Ал ошондой эле вакцинанын түзүүчүлөрүнө тактоочу суроолор жиберилгенин айтты.
«Бул боюнча фатва чыгарганы жатабыз», — деди муфтий.