Понедельник, 13 мая

Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар 1-марттан ачылат

0

Бишкекте 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

«Эгер бул динамика сактала турган болсо, 1-марттан тарта Бишкектеги бардык мектептер менен бала бакчалар ачылат», — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал, 2021-жылы муниципалдык казынанын эсебинен 2 бала бакча жана 1 оорукана куруларын кошумчалады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз