Вторник, 7 мая

Токтомушев: Муфтийликке талапкермин

0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев быйыл апрелде өтө турган Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтийликке өз талапкерлигин кайрадан койорун маалымдады.

Максатбек ажы Токтомушев 2017-жылы 4-апрелде мусулмандардын Бишкекте өткөн VI курултайында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган. КМДБнын уставына ылайык муфтийди 21 кишиден турган Аалымдар кеңеши шайлайт, Курултайдын делегаттары бекитет.

Акыркы мезгилде Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев менен муфтийи Максатбек ажы Токтомушев арасында тиреш күчөгөнү белгилүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз