Воскресенье, 5 мая

Кытайдан кыргызстандык ишкерлердин товарлары поезд менен алып келинди

0

Кыргызстанга Үрүмчүдөн ишкерлердин товарларын арткан 47 контейнерлүү вагону менен алгачкы экспресс поезд келди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап мындан ары айына жүздөй, кийин миңдей контейнер алып келүүнү уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат:

“Казакстандагы, Кытайдагы өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен ачып жаткан бул транзиттик маршрутубуз ишкерлерибиз кайрадан жумуш ордуна кайтуусуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз».

Новиков белгилегендей, буга чейин темир жол аркылуу мындай көлөмдө товар ташылчу эмес.

Бүгүн “Аламүдүн” станциясына түз экспресс менен келген товарын кыргызстандык соодагерлер дээрлик бир жылдан бери күтүп келишкен. Алар “Дордой” базарында иштегендер жана башка ишкерлер.

Мурда Кытайдан товар автомашина менен ташылчу, бирок коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан соодагерлер товарын алып келе албай жатышкан.

Ал кошумчалагандай, темир жол аркылуу ташуулардын көлөмүн айына бир миң вагонго жеткирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Мындан сырткары, учак менен ташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо каралууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз