Вторник, 14 мая

Түштүк Корея кыргызстандыктарга виза берүүнү жандантты

0

Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 8-февралдан тартып Кыргызстандын жарандары аталган өлкөгө тоскоолдуксуз кире алышат.

Корея өкмөтүнүн чечими Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды талдоонун негизинде ишке ашканы айтылат. Мында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен дипломаттарынын кызматташтыгынын да таасири чоң экени белгиленген.

ТИМ аталган өлкөгө бара турган жарандарды коронавируска карата текшерүүдөн өтүшү керектигин эскертет. Эгерде Түштүк Кореяга барган жарандардан COVID-19 илдети аныкталса, анда виза маселеси кайра каралышы мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз