Воскресенье, 19 мая

Жергиликтүү соттор дайындалды

0

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17 судьяны жергиликтүү сотторго дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине айрым райондук жана шаардык сотторго судьяларды дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.

«Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз