Вторник, 14 мая

Кыргыз-Кытай чек арасы 16-февралга чейин жабылат

0

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен ай жылнаамасына ылайык  Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу «Торугарт-автожол» жана «Эркештам-автожол» өткөрүү бекеттеринде унаа каражаттарын жана жүктү өткөрүү убактылуу токтотулат.

«Торугарт-Автожол» өткөрүү пункту 2021-жылдын 11-февралынан тартып жабылып, 15-февралда ишин жандантат.  «Эркештам-Автожол» өткөрүү бекетти 2021-жылдын 12-февралынан тартып 15—февралына чейин иштебейт. 16-февралда бекет ачылат.

Эске сала кетсек, «Торугарт-Автожол» жана «Эркештам-Автожол» өткөрүү бекеттери аркылуу Кытайдан Кыргызстанга жүк гана өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз