Пятница, 20 сентября

Кара-Суу районунун жашоочулары акимдин отставкасын талап кылышууда

0

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл округунун 15ке жакын жашоочулары митинг өткөрүшүп, аким Тилек Матраимовдун отставкасын талап кылышты. Мындай каршылык акциясы аталган округду мурда “мыйзамсыз жер саткандыгы үчүн” айыпталган чиновник жетектей баштагандан кийин башталган. Т. Матраимов өзү эч кимди кызматка кайра койбогондугун айтууда.

Митинг 20-мартта болуп өттү. Папан округунун жашоочулары  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылышып, анын келишин өтүнүшкөн. Ал учурда Абылгазиев Ош облусунда иш сапары менен жүргөн.

Митинг уюштургандар райондук администрациянын алдында беш саат турушкандыгына карабастан, алар премьер-министр менен жолугуша алышпады. Анын ордуна милиция барып, таракап кетүүгө чакырган.

“Коррупционерлерди жана жер саткандарды колдогон Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов отставкага кетсин”, — деп талап кылышты айылдыктар.

Алардын нааразычылыктары райондун жетекчиси Тилек Матраимов Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловду кызматына кайра койгондугу тууралуу маалыматтан улам жаралууда. 2018-жылдын соңунда Исмаиловго каршы жерди мыйзамсыз саткандыгы үчүн иш козголгон. Бирок чиновник жазага тартылган эмес – “Кызматтык көз боёмочулук” деген берене менен аны акташкан, ал эми “Шалаакылык” (“Халатность”) беренеси боюнча иштин мөөнөтү өтүп кеткен.

Матраимов өзү Исмаиловду кызматка кайра койбогондугун айтууда.

“Ага иш козголгондон кийин соттун чечими менен мен аны кызматынан четтеткенмин. Ал райондук соттон, кийин облусттук соттон да  жеңип алган.   Бирок  жумушка али чыга элек. Ал кызматына сот аркылуу гана кайра отура алат”,- деди Матраимов.

Бирок  Эрматбек Исмаилов айыл өкмөтү башчылыгына кайтып келгендигин билдирүүдө. Анын айтуусунда, райондук жана облусттук соттор акташкан жана мыйзамга ылайык жумушка чыгууга тийиш.

“Дүйшөмбү күнү мен жумушка чыктым, бүгүн ооруп калгандыгыма байланыштуу жумуштан убактылуу кетип атам”,- деди Исмаилов.

Мыйзамга ылайык, “Шалаакылык” беренеси менен соттолгон чиновник мурдагы кызматына кайтып келе албайт жана аким аны кызматтан бошотууга тийиш.

Жергиликтүү жашоочулар мурда да Исмаиловго каршы  митингге чыгышкан. 2017-жылы ал айыл округунун башчылыгына үчүнчү ирет шайланган. Ал бул кызматта иштеп турганда бир нече ирет “мыйзамсыз жер саткандыгы үчүн” айып тагылган.

(Фото: Kloop)

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз