Пятница, 20 сентября

Түркия Караджичтин өмүр боюу эркинен ажыратылышын адилеттүү деп атады

0

Өлкөнүн ТИМи бул окуяга байланыштуу кат түрүндө билдирүү жасады. Түркия босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Караджичке карата өмүр боюу эркинен ажыратылган сот өкүмүн адилеттүү деп атады.

Тышкы иштер министрлиги кат түрүндө жарыялаган билдирүүдө 2016-жылы Гаагада мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал сербиялык Босния жана Герцеговинанын мурдагы лидери жана Куралдуу күчтөрдүн мурдагы башкы командачысы Радован Караджичти геноцид, аскердик кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар  үчүн 40 жылга  эркинен ажыраткандыгы эске салынган кат түрүндөгү билдирүү жарыялады. Билдирүүдө ошондой эле Караджичтин аппеляциялык арызын кабыл албаган кылмыш трибуналдары үчүн Эл аралык жогорку механизмдин Аппеляциялык палатасынын аны өмүр боюу эркинен ажыраткан өкүмү да белгиленген.

«Бул чечим каза болгондорду кайтара албаган жана биздин босниялык туугандарыбыз менен эже-карындаштарыбыздын көз жашын кургата албаса да ал адилеттүү болуп саналат», — деп белгиленген Түркия ТИМнин  билдирүүсүндө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз