Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине насыя катары берип, өз кызыкчылыгы үчүн жумшап турган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырып, кошумча тергөө иштерин токтотуу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаган», — деп айтылат маалыматта.
9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Азырынча эсепчинин аты-жөнү тууралуу ачык маалымат бериле элек.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.