Пятница, 17 мая

Мэрдин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлдү

0

Бишкек мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз