Четверг, 2 мая

Мэриянын алдында нааразычылык акциясы өтүүдө

0

Бишкек мэриясынын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Ал жерде 30 чакты адам чогулуп, мэрдин милдетин аткарууга жаңы адам дайындалышы керектигин талап кылууда.

Алар колуна «Мэрликке Руслан Тагаев татыктуу» деген жазууларды кармап алышкан.

Белгилей кетсек, 10-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындаган болчу.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз